Салык реформасындагы акыркы өзгөртүүлөр — бизнес ээлерине кандай таасир этет?

Sputnik
Мамлекеттик салык кызматы "Бизнести агартуу кербени – салык реформасынын чакырыктары" долбоорун кайрадан ишке киргизди. Анын алкагында чакан жана орто бизнестин актуалдуу маселелерине арналган иш-чаралар өтүп жатат. Мамлекеттик салык кызматы "Бизнести агартуу кербени" долбоору аркылуу салык реформасынын жаңы шарттарын жана жеңилдиктерин түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Чакан жана орто бизнестиөнүктүрүүгө шарттар түзүлүп, аларды колдоо үчүн алардын ишмердүүлүгүн текшерүүгө 2025-жылдын 31-декабрына чейин мораторий киргизилди.
Ошондой эле алкоголдук, нефть жана тамеки продукцияларынан башка товарларга ЭТТК жокко чыгарылды. Ушул сыяктуу өзгөрүүлөр боюнча Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Мирлан Рахманов кеп кылды.