Биринчи жолу "Санарип дыйкан 2025" форуму өтөт — жасалма интеллект, инновациялык технологиялар

Sputnik
2025-жылдын 3-4-апрелинде Бишкекте алгачкы жолу “Санарип дыйкан 2025” форуму өтөт. Бул дыйкан-фермерлер үчүн айыл чарбасын санариптештирүүнүн жана агроөнөр жай комплексине инновациялык технологияларды киргизүүнүн дүйнөлүк тенденциялары, ошондой эле айыл чарба техникасынын жаңы моделдери менен таанышуу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк. Айыл чарба тармагын санариптештирүүгө багытталган кандай реформа жүрүп жатат?
Кандай санариптик чечимдер кабыл алынып жаткандыгын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Асел Кененбаева айтып берди.