БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Бишкекте үч киши бирөөнү сабап, бычактаган видео тарады.
Кадрдан көрүнүп тургандай, окуя 31-март күнү саат 20:14төр чамасында болгон. Анда сабап жаткандар арачалагандарга баш бербей, ал тургай тап берип жатканын көрүүгө болот.
Соцтармактарда кылмыш Новопавловка айылындагы "Халва" кафесинин короосунда болгону айтылууда.
Милиция маалымат такталып жатканын кабарлады.