БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. АКШ башка мамлекеттердин чек араларына жакын жерлерге ракета жайгаштырууну токтотушу керек. Бул тууралуу Кытайдын тышкы иштер министри Ван И Россияга болчу сапарынын алдындагы маегинде билдиргенин РИА Новости жазды.
Ал ошондой эле Кошмо Штаттарды стратегиялык коопсуздукка шек келтирген "өзөктүк альянстарды" түзүү аракеттеринен баш тартууга чакырган.
"Вашингтон өзөктүк согуш коркунучун азайтып, планетаны денуклеаризациялоо максатына жетүү үчүн олуттуу күч-аракет жумшашы керек", — деген ал.
Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп Пентагондун башчысы Пит Хегсетти 28-мартка чейин АКШнын жаңы муундагы ракетадан коргонуу системасын түзүү жана жайгаштыруу боюнча деталдуу планын тапшырууга милдеттендирген жарлыкка кол койгон. Телеканалдын маалыматына караганда, Пентагон президент белгилеген артыкчылыктарды эске алуу менен 2026-2030-жылдарга бюджеттик пландарга өзгөртүүлөрдү киргизүүдө.