БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Женго каймана атын алып жүргөн кримтөбөл Кадыр Досоновдун буйругу менен жасалган он жыл мурдагы киши өлтүрүлгөн кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2015-жылы А.З.А. аттуу жарандын Ош шаарынын тергөө абагында өлгөнү боюнча иш козголгон.
"Тергөөдө кримтөбөл Кадыр Досонов маркумду өлтүрүүгө буйрук бергени аныкталды. Экөө душмандашып жүргөн. Маркум Досонов кылмыштуу топтун ортодогу акчасынан кымырып жүргөнүн билип калган. Досонов бул маалымат Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун (маркум да бул топто болгон) мүчөлөрүнө жетип калуусун жашыруу үчүн кол астындагыларга аны өлтүрүүгө көрсөтмө берген", — деп жазылган кабарда.
Топтун башка мүчөлөрү күч колдонуп, маркумдун тамырына өлүмгө алып келүүчү көлөмдө героин сайганы айтылды. Учурунда маркум баңгизатты ашыкча колдонуудан өлгөн делип жүргөн. Эми ишке тиешеси барларды аныктоо аракеттери көрүлүп жатканы кошумчаланды.