Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Трамп кен байлык боюнча Киев менен келишимдин башка өңүтүнүн четин чыгарды

Sputnik
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Киевдин НАТОго мүчөлүк маселеси Украинадагы чырдын башы болгонун, сейрек кездешүүчү металл боюнча келишимдин алкагында бул нерсе талкууланбагандыгын айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Ал (Владимир Зеленский - ред.) баалуу металлдар боюнча келишимдин шартын өзгөртүүгө аракет кылды. НАТОго мүчө болуш же ошол сыяктуу нерселер үчүн макулдашууга барууга даяр экенин журналисттерден уктум. Аны биз эч качан талкуулаган эмеспиз", — деген Трамп Ак үйдө сүйлөп жатканда.
Кечээ Трамп Киев режиминин башчысы Америка менен Украинанын ортосундагы ресурстук келишимден баш тартууга ниеттенип жатканын, ал өлкөсүнүн НАТОго кире албай турганын түшүнүп туруп эле альянска кошулууга аракет кылып жатканын белгилеген.
АКШда Трамптын Украинага болгон мамилеси кандай экенин айтышты