5 жылга чейин. Түрмөгө телефон киргизгендерди кылмыш жообуна тартуу сунушталды

Sputnik
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Түрмөгө телефон киргизгендер үчүн кылмыш жоопкерчилигин киргизүү сунушталууда. Тиешелүү демилгени Юстиция министрлиги сунуштап, коомдук талкууга чыгарды.
Мекемеге тыюу салынган буюмдардын 70 пайызы кыска мөөнөттүү жолугушууга келгендер аркылуу киргизилет. Маселен, 2022-2024-жылдары айыпталуучу жана соттолгондорго киргизүүгө аракет жасалган 7 миң 268 телефон, 1,4 миллион сом жана 564 миң литр спирт ичимдиктери алынган. Мындан улам мекеме бул багытта жазаны күчөтүүнү сунуштоодо.
Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык, камактагыларга тыюу салынган буюм, азык-түлүк өткөрүү жана ошого аракет кылуу үчүн 19 миң сом (мурда 17 миң 500 болчу) айып салуу сунушталууда. Ал эми телефон киргизүүнү өзүнчө карап, ал үчүн 20 миң сом айып сунушталып жатат.
Мындан тышкары, Кылмыш-жаза кодексине жаңы берене киргизүү сунушталган. Ага ылайык, мурда телефон жана анын тетиктерин киргизүү үчүн айыпка жыгылгандар жосунун кайра кайталай турган болсо жоопко тартылат. Тактап айтканда, 50-100 миң сом айып тартат же эки жылга чейин коомдук жумуштарга тартылат, болбосо эки жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратылат.
Караколдогу №23 түзөтүү мекемеси катуу режимдеги түрмө болуп өзгөртүлөт