БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Бирдиктүү электрондук виза менен кирген чет элдиктердин Россияда жүргөн мөөнөтүн 16дан 30 суткага чейин узартууга уруксат берген мыйзам долбоорун өкмөттүн мыйзамдуулук комиссиясы колдоду. Бул туурасында Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналы жазды.
Эми мындай визанын жарактуу мөөнөтүн 60тан 120 суткага чейин узартууну сунуштап жатышат. Мында алар виза алгандан кийин мурдагыдай 60 эмес, 120 күндүн ичинде кире алмакчы. Бул чет элдик туристтерди тартууга жакшы жардамчы болору айтылган.
"Электрондук бирдиктүү виза Россияга конок же ишкердик сапар менен келгендерге кирүүгө мүмкүнчүлүк берет. Мунун ичинде маданий, саясий жана спорттук иш-чараларга катышуу үчүн келгендер да бар", — дешкен РФтин Юристтер ассоциациясынан.