Караколдогу №23 түзөтүү мекемеси катуу режимдеги түрмө болуп өзгөртүлөт

Sputnik
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Караколдогу №23 түзөтүү мекемеси катуу режимдеги түрмө болуп өзгөртүлөт. Токтомду министрлер кабинети кабыл алды.
Токтомго ылайык, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы эки айдын ичинде мекеменин жобосун иштеп чыгып, штаттык түзүмүн бекитет. Ошондой эле колониянын атайын жайлары кайра жабдылып, талапка ылайыкташтырылат. Мындан тышкары, мекемеде тергөө изолятору катары иштей турган атайын жай даярдалат.
Өзгөртүүлөр республикалык бюджеттин эсебинен ишке ашырылат. Токтом 15 күндөн кийин күчүнө кирери айтылды.
Эксперименталдык түрмөлөрдү түзүүгө жол ачкан мыйзам кабыл алынды