БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Бишкекте 28 жаштагы жигитти бычактаган делип үч киши кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, кылмыш боюнча "Киши өлтүрүүгө аракет кылуу" беренеси менен иш козголгон.
Ал эми 29 жаштагы жабырлануучу ооруканада экени кабарланды.
Эске салсак, 31-март күнү саат 20:14төр чамасында үч киши бирөөнү сабап, бычактаган видео тараган.