Бийликтин ишениминен чыгып иштен айдалгандарга даттанууга тыюу салуу сунушталды

Sputnik
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Бийликтин ишениминен чыгып иштен айдалгандар чечимге даттанууга тыюу салуу сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоорун Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттик демилгеледи.
Документте кызматка ашыкча квалификациялык талаптар алып салынууда. Ошондой эле кызматтардын кенже тобу үчүн адистиги жана аймагы боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан кадрлар резервин түзүү сунушталып жатат. Талапкерлер бир жолу конкурстан өтөт.
Ошондой эле кызматкерлердин 10 пайызын сынаксыз дайындоого жол берилет. Мындан тышкары, өзгөчө тартипте кызматка дайындалгандар төмөнкү учурларда кызмат ордунан бошотулушу мүмкүн:
иши бийлик тарабынан кабыл алынган чечимдерге жана жүргүзүлгөн саясатка ылайык келбеген учурда;
саясий жетекчиликтин ишенимин жоготкондо.
Бул негизде кабыл алынган чечимдер даттанууга жатпайт. Мындай чара кызматкерлердин профессионалдуулукту сактоосу үчүн көрүлүп жатканы кошумчаланды.
Депутат: министр билим берүүнү талкалаганы келген окшойт. Видео