БИШКЕК, 31-апр. — Sputnik. Финляндиянын президенти Александр Стубб өлкөсүндөгүлөрдү Россия менен алака-катнашты калыбына келтирүүгө моралдык жактан даярдык көрүүгө чакырды. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Финляндия кайсы бир маалда карым-катышыбыз саясий деңгээлде ачыла турганына даяр болгону шарт. Азыр анын качан болорун айта албайбыз. Россия ар дайым Финляндиянын коңшусу болгондугун жана мындан ары да боло берерин эч ким жокко чыгара албайт. Кошуналыгыбыз 1 350 чакырымга созулуп жатат", — деген Стубб маалымат жыйында.
Анын айтымында, бул нерсе Украинадагы согуштун токтошуна байланыштуу болмокчу.
Москва менен Хельсинкинин мамилеси акыркы жылда бир топ эле салкындап кеткен. Өзгөчө аталган мамлекет НАТОго киргенден кийин алака кыйла начарлаган. Москва муну улуттук кызыкчылыгын камсыздоо жагынан туура эмес кадам деп атап, Финляндия менен чектешкен жерде россиялык аскерлер жайгашарын билдирген. Андан сырткары, фин бийлиги Россия чек арага баш паанек сурагандарды жиберип жатат деген шылтоо менен аны жаап койгон. Москва мындай күнөөлөөнү бир нече ирет четке кагып, кош стандарт деп атап келет.
Финляндиядагы РФтин элчиси Павел Кузнецовдун айтымына караганда, эки тараптуу мамиле толугу менен бузулган. Хельсинкинин саясаты бардык тармактагы өз ара иштешүүнү чачыратып жиберген. Дипломат буга чейин Россия менен Хельсинкинин ортосунда мындай темир көшөгө эч качан, ал тургай Экинчи дүйнөлүк согуштун убагында да тартылбаганын белгилеген болчу.