БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Бишкектеги Э.Гареев атындагы Ботаникалык бак толугу менен реконструкцияланып жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигине директордун милдетин аткаруучу Иван Хегай билдирди.
Бакчанын Ахунбаев жана 7-Апрель көчөлөрү тарабындагы тосмолор буздурулган. Анын ордуна жаңысы орнотулат.
Мындан тышкары, ирригациялык системаны оңдоо пландалууда. Бул үчүн мурда арык лотоктору орнотулган жерлер бак-дарактардан жана бадалдардан тазаланат. Сугат түтүктөрүнүн жалпы узундугу 24 чакырымды түзөт.