Айыл чарба министрлиги 16 санариптик долбоорду ишке ашырып жатат. Бул тууралуу Асел Кененбаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, дыйкандардын санариптик көндүмдөрүн жана агрардык сабаттуулугун жакшыртууга көңүл бурулат.
"Бишкекте 3-4-апрелде Кыргыз улуттук академиялык драма театрында "Санарип дыйкан — 2025" форуму өтөт. Бул — дыйкан, фермерлердин айыл чарбаны санариптештирүүнүн жана агроөнөр жай комплексине инновациялык технологияларды киргизүүнүн дүйнөлүк тенденциялары, ошондой эле айыл чарба техникасынын жаңы моделдери менен таанышуусу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк. Министрлик жасап жаткан санариптик долбоорлор, ата мекендик ири компаниялардын тажрыйбалары, дүйнөдөгү жаңылыктар айтылат. Учурда Айыл чарба министрлиги 16 санариптик долбоорду ишке ашырып жатат. Мунун баары элдин кызматтарды оңой алуусуна шарт түзөт. Мындан тышкары, дыйкандардын өздүк кабинети ачылып, алардын реестри түзүлүп, кызматтар иштелип чыгууда", — деди Кененбаева.
Ошондой эле ал быйыл министрликте Кырдаалдык борбор ишке кирип, маалыматтарды чогултуп, анализдөө мүмкүн болорун кошумчалады.