“Туяк” программасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин чек ара кызматынын ардагерлер кеңешинин төрагасы, запастагы полковник Чолпонбек Буржуев болуп, Улуу Ата Мекендик согушта жанын оозуна тиштеп, кан кечип душмандын мизин кайтарган батыр аталарыбызды эскердик. Кыргызстандан Советтер Союзунун 74 баатыры чыккан. Алардын ар бири өзүнчө тарых. Мекенди коргоо үчүн башын канжыгага байлап кармашкан баатырлар Иван Гавриш, Талгат Бегелдинов, Манзус Вонахун, Асанбек Оторбаев, Исмаил Таранчиев, Дмитрий Панфилов, Чолпонбай Түлөбердиев, Дүйшөнкул Шопоков жана башкалар.
Тарыхы жок эл болбогондой эле ар биринин атын билип жүргөнүбүз, эмгегин келечек муунга айта жүрүүбүз парз экенин полковник Чолпонбек Буржуев эскерүү маегинин жүрүшүндө баса белгиледи.