Безетки оорусу өспүрүм балдар менен кыздарда көп жолугат. Безетки деген май бездеринин сезгениши. Аны дерматолог же косметолог дарылайт. Ал эми алдын алуу же анын көбөйтүп албоо үчүн организмди чыңдоо, спортко катышуу, таза абада сейилдөө сунушталат. Ошондой эле терини күтө билүү зарыл. Ал үчүн косметологго кайрылып, бетке туура кам көрүү, косметикалык каражаттардын колдонулушу боюнча кеңешип алган оң. Адистердин айтымында, көпчүлүк өспүрүмдөр "кийин өзү кетип калат", "турмушка чыксаң же үйлөнсөн кетип калат" деген стереотиптерден улам дарыланбайт. Негизи, безетки пайда болгон учурда дарылануу абзел.
Безеткиден кантип кутулуу керек? Дарылануу канча убакытка созулут?
Ушул жана башка суроолорго жоопту “Көз мончок”программасынан уга аласыз.