Учурда Кыргызстанда кызамыктан улам эпидемиологиялык абал курч болуп жатканы маалым. “Ачык кеп” программасынын алкагында мейманыбыз Нургүл Молдалиева учурда абал бир аз кайтканын билдирди. Бирок алдыда кандай божомол болорун так айталбасын айтты. Себеби азыр оору азайып жатабы чындап, кайрадан жугуу мезгили жүрүүдөбү ачык айтуу кыйын. Кызамык оорусу — бул эмдөөгө көз каранды оору. Башкача айтканда эмделбеген, ден соолугу начар, өнөкөт оорусу бар же иммунитети алсыз балдарга жугат. Оору алгач сасык тумоодой башталат. Учурда өтө агрессивдүү түрү менен ооруп жатышканын жана бул вирус да мутация болорун мейманыбыз кошумчалады.