ЕАЭБде атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу — Мыйзамдарды шайкеш келтирүү кайсы этапта?

Sputnik
2024-жылдын соңунан тартып Кыргызстанда картошка кескин кымбаттап, базардагы баасы 60-70 сомго чейин чыкты. Адистер буга негизги эки себеп - түшүмдүн жылдагыдан азыраак жыйналышы жана кошуна өлкөлөргө экспорт эки эсе көбөйүшү түрткү болгонун белгилеп жатышат.
Мамлекеттик монополияга каршы саясатты ишке ашыруу, атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү, бааны аныктоо, ишкерлерге түзүлгөн шарттар тууралуу Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Женалы Орозбаев айтып берди.