БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Тажикстандын жетекчиси Эмомали Рахмон жана Өзбекстандын өлкө башчысы Шавкат Мирзиёев Кожент чебине барышты.
Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, ажолорду сепилдин босогосунан улуттук кийимчен кыздар тосуп алып, кыргыз, тажик жана өзбек тилдеринде ыр айтып беришти.
“Сепилдин кире беришин чоң казандагы Нооруздун салттуу символу болгон сүмөлөк кооздоп турду. Президенттер чогулгандарды бул жаркын майрам менен куттуктап, иш-чараларды баштап берди. Андан соң мамлекет башчылары көргөзмө павильондоруна бет алышып, үч өлкөнүн экспозицияларын, ошондой эле фольклордук-этнографиялык жамааттардын программасын көрүштү”, — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, президенттерге кол өнөрчүлөрдүн эмгектери, музейдеги экспонаттар, тажик элинин бай тарыхы жана маданияты тааныштырылды. Программа чептин короосунда уюштурулган театралдаштырылган концерт менен жыйынтыкталганы кошумчаланды.