3-4 миң доллардан азайткыла. Депутат айыл чарба жаатындагы коррупция тууралуу

Sputnik
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Акбөкөн Таштанбеков Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде пара алуу уланып жатканын айтты.
Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинде Суу кодексинин долбоору каралып жатканда эл өкүлү министрлик балык чарбаларынын көлдөрүн каттабай жатканын билдирди.
"Дагы эле пара алып жатасыңар. Жок дегенде жанагы 3-4 миң долларды кичине азайтып койгула. Муну атайылап мыйзамга киргизбейсиңер. Азыр көлдөр сугат, кайрак жер, жайыт катары катталган. Ал эми жайыттар салык төлөөдөн бошотулган. Эми балык чарбаларынын ээлери эмне кыларын билбей жатышат. Жергиликтүүлөр балык чарбалар салык төлөбөйт деп нааразы, акимдер, айыл өкмөттөр акча алып жатат деп жатышат", — деди Таштанбеков.
Министрдин орун басары Жаныбек Керималиев депутаттын сын пикирине кошула турганын билдирди.
"Ошондуктан департаменттин директору кызматтан алынган, жаңы жетекчи дайындалган. Балык чарбалары боюнча иштерди жүргүзөбүз, көлдөрдү каттоону жана инвентаризациялоону баштайбыз", — деди Керималиев.
Мал жана балык чарбачылыгын камсыздандыруу сунушталууда. Чоо-жайы