Оверчук: ЕАЭБ биримдик ичиндеги тарифтик эмес тоскоолдуктарды жоюуга жетишти

Sputnik
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. ЕАЭБ ассоциациянын ичиндеги тарифтик эмес тоскоолдуктарды жоюуга жана бажы көзөмөлүн жөнөкөйлөтүүгө жетишти. Бул тууралуу Россиянын вице-премьери Алексей Оверчук билдирди.
Ал Москвада өтүп жаткан КМШ өлкөлөрүнүн "Чоң Евразиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүнүн жаңы импульстары" эл аралык экономикалык форумунун пленардык жыйынында сүйлөгөн.
Оверчук биримдик ШКУ жана АСЕАН менен диалогду чыңдап жатканын белгиледи. Анын айтымында, Вьетнам, Сербия жана Иран менен эркин соода келишимдери түзүлүп, Кытай менен диалог өнүгүп жатат.
ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүндө курулуш иштери кызууда