БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери Садыр Жапаров жана Эмомали Рахмон ратификациялык грамоталарды алмашты. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Бул документтер мамлекеттер ортосундагы чек ара келишимин мыйзамдуу бекитип, чек араны толук демаркациялоого, чек ара инфраструктурасын жаңылоого жана чек ара аймактарында ынак коңшулук мамилени чыңдоого шарт түзөт.
Эске салсак, Кыргызстан менен Тажикстан чек арадагы талаштарын чечип, келишим эки өлкөдөн ратификацияланган. Садыр Жапаров кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишимди 25-мартта ратификациялаган.