Подполковник Михаил Сапожников
Ал 1905-жылы 23-январда Пишпек шаарында (азыркы Бишкек) туулат. Онунчу классты аяктаган соң мамлекеттик камсыздандырууда эмгектенет.
1926-жылы Жумушчу-дыйкандардын Кызыл армиясына чакырылат. 1930-жылы Орто Азия боюнча бириктирилген аскердик мектепти бүтүрүп, ал эми 1939-жылы командалык курамдагы өркүндөтүлгөн артиллериялык курсту аяктаган. Фин согушуна катышкан.
Ал Улуу Ата Мекендик согушка 1941-жылы кирет. Подполковник Михаил Сапожников 1943-жылы сентябрда Степной фронтунун 7-гвардиялык армиясынын 30-танкага каршы ок атуучу артиллериялык өзүнчө бригадасын башкарган.
Днепрден өтүп бара жатканда эрдиги менен өзгөчөлөнгөн. 1943-жылдын 30-сентябрында Сапожниковдун жетекчилиги менен анын бригадасы Днепрдин батыш жээгиндеги плацдармга жетет. Бул Украинадагы Днепропетровск облусуна караштуу Верхний Днепр районундагы Мишурин Рог кыштагында эле. Немецтердин бир канча контрчабуулунун мизин кайтарып, аталган жерди кармап турушкан.
СССРдин Жогорку Кеңешинин президиумунун жарлыгы менен 1943-жылы 26-октябрда "немецтик-фашисттик баскынчылар менен кармашта командачылыктын согуштук тапшырмаларын үлгүлүү аткаргандыгы жана эрдиги, каармандыгы үчүн" подполковник Михаил Сапожниковго Советтер Союзунун Баатыры наамы жана Ленин ордени, Алтын Жылдыз медалы ыйгарылган.
Андан сырткары, Ленин ордени менен эки, Кызыл Туу, Кызыл Жылдыз, Ата Мекендик согуштун I даражадагы ордени жана бир катар медалдар менен сыйланган.
Согуш аяктагандан кийин Сапожников Советтик Армияда кызмат кылуусун улантат. 1947-жылы Академиялык жогорку курсту аяктап, 1958-жылы генерал-майор наамы менен запаска бошойт. Саратовдо иштеп, жашайт. 1964-жылы 4-июнда каза таап, сөөгү Саратовдогу Воскресенск көрүстөнүнө коюлган.
Материал ачык маалыматтардын, КР Куралдуу күчтөрүнүн жана "Герои страны" сайтындагы материалдардын негизинде жазылды.