Жапаров менен Рахмон жолугуп, биргелешкен электр линиясын ишке киргизди

Sputnik
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Кожентте Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Тараптар эки жактуу кызматташууну талкуулашкан. Жетишилген макулдашуулар кыргыз-тажик мамилелеринин жаңы этабын белгилеп, туруктуу тынчтык, экономикалык өнүгүү жана эки элдин ортосундагы ынак коңшулукту чыңдоо үчүн бекем пайдубал түзөрүнө ишеним билдиришти. Мындан тышкары, президенттер CASA-1000 долбоорунун алкагында эки өлкөнүн энергетикалык системаларын бириктире турган "Датка — Согд" электр линиясын ишке киргизди.
1 / 2

Мындан тышкары, президенттер CASA-1000 долбоорунун алкагында эки өлкөнүн энергетикалык системаларын бириктире турган "Датка — Согд" электр линиясын ишке киргизди

2 / 2

Долбоор Кыргызстан менен Тажикстандан Афганстан жана Пакистанга электр энергиясын экспорттоого багытталган

Долбоор Кыргызстан менен Тажикстандан Афганстан жана Пакистанга электр энергиясын экспорттоого багытталган. Кыргызстан электр энергиясын жайында, ашыкча өндүрө баштаганда сатат.
Садыр Жапаров үч тараптуу саммитке катышуу үчүн Кожентке барды. Видео