БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Төө-Ашууда таш кулап, Оштон келе жаткан Mercedes-Benz Sprinter микроавтобусундагы окуучу кыз каза болду. Бул тууралуу Чүй ОИИББден билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсык 29-март күнү болжол менен саат 16:40тар чамасында болгон.
"Микроавтобус түштүктөн түндүктү көздөй бара жаткан. Бишкек — Ош унаа жолунун 93-чакырымында тоодон чоң таш кулап, автоунаанын арткы айнегинен ичине кирип арт жакта отурган 11 жаштагы кызды басып калган", — деп айтылат маалыматта.
Тестиер окуя болгон жерде көз жумганы кошумчаланды.