Чет элдик номерлүү унаалар мыйзамдаштырыла баштады. Документтердин тизмеси

Sputnik
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Кыргызстанда чет элдик номерлүү унааларды мыйзамдаштыруу иштери башталганын Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик (мурдагы "Унаа" мамлекеттик мекемеси) билдирди.
Легалдаштыруу 1-апрелде башталып, 2025-жылдын 1-октябрына чейин созулат. Иш агенттиктин бардык аймактык башкармалыктарында жүргүзүлөт.
Мыйзамдаштыруу үчүн төмөнкү иштерди аткаруу керек:
аккредитациядан өткөн лаборатория тарабынан берилген транспорттун коопсуздугу тууралуу күбөлүк;
унааны сүрөткө тартуу менен визуалдык кароо жүргүзүлөт;
белгиленген формадагы арыз;
айдоочунун паспорту;
транспорт каражатынын каттоо күбөлүгү (эгерде бар болсо);
транспорт каражатына менчик укугун ырастоочу документ (бар болсо);
транспорт каражаты издөөдө эмес, күрөөгө коюлбаган, үчүнчү жактар талашып-тартышпаган, камакка алынбаган жана такси катары пайдаланылбагандыгы жөнүндө милдеттенме;
чек арадан өткөндүгү тууралуу күбөлүк. Ал жок болгон учурда транспорт каражатын ташып келүү күнү 2024-жылдын 31-декабры болуп эсептелет;
каттоо үчүн төлөнгөн жыйымдардын квитанциялары, атайын бланктар жана каттоо белгилери;
мыйзамдаштыруу үчүн 100 миң сом төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция.
Мыйзамдаштырылган унаа ээлерине 10-аймактын номери менен ыйгарылат.
Кошумчалай кетсек, бул унаалар мындан ары ээликтен ажыратылбайт жана Кыргызстандын чегинен тышкары экспортко чыгарылбайт, такси катары да колдонулушу мүмкүн эмес.
Армян, абхаз номерлүү унааларды мыйзамдаштыруунун баасы айтылды