Чүй проспектинин бир бөлүгүнө чектөө киргизилди, 9-майдан кийин толук жабылат

Sputnik
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Чүй проспектинин бир бөлүгүнө чектөө киргизилди, 9-майдан кийин көчө толук жабылат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан эскертишти.
Маалыматка ылайык, Чүй проспекти менен Шопоков көчөсү бүгүн жарым-жартылай жабылган.
Улуу Жеңиштин 80 жылдыгы белгиленгенден кийин Чүй проспектинин Абдрахмановдон Ибраимовго бөлүгү 6-8 айга толук жабылат.
Эске салсак, ЦУМдун жанына жер алдынан өтүүчү өтмөк жана унаа токтотуучу жай курулат.
ЦУМ тарапта жер өтмөк курулуп, Чүй проспектинин бөлүгү жарым жылга жабылат