БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Ереван Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун катчылыгына ЖККУну каржылоону караган документке кол коюудан баш тартуу чечимин кабарлады. Бул тууралуу Армениянын Тышкы иштер министрлиги билдиргенин Sputnik Армения жазды.
"Армения тарап Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун катчылыгына Жамааттык коопсуздук кеңешинин "2024-жылга ЖККУнун бюджети жөнүндө" чечимине кол коюудан жана уюмдун анда каралган иш-чараларын каржылоого катышуудан баш тартып жаткандыгы тууралуу расмий кабарлады", — деген өлкө ТИМи.
Ведомство ошондой эле ЖККУнун ички жол-жоболоруна ылайык, жылдык бюджет тууралуу маалымат коомчулукка таркатылбай турганын белгилеген.
Буга чейин Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Александр Панкин эгер Армения 2025-жылдын соңуна чейин төлөмдү төлөбөсө, ЖККУга мүчө мамлекеттер кырдаалдын өнүгүшүнүн ар кандай сценарийлерин карашы мүмкүн экенин билдирген.
2024-жылдын башында Армениянын премьер-министри Никол Пашинян республика ЖККУга катышууну тоңдурганын жарыялаган. Кийинчерээк ал Армениянын уюмга кайтып келиши барган сайын кыйындап баратканын айткан.