БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Чакан ишкерлер кааласа патент, болбосо ККМ менен иштей алат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов билдирди.
Анын айтымында, учурда чакан ишкерлерге патент системасын кайтаруу боюнча президенттин буйругу даярдалууда.
"Мурдагы системаны жаман дегенге болбойт. "Салыкты баары төлөп, тартип болсун" деген ниет болгон, бирок базарлар, инфраструктура, көзөмөл системасы даяр эмес экен. Анткен менен патент алгандарга атайын чек коюлат. Балмуздак саткан менен контейнер иштеткен соодагерлердин бирдей салык төлөгөнү — адилетсиздик. Ошондуктан патенттин баасы товар жүгүртүүсүнө жараша коюлат. Тагыраагы, көп соода кылгандар үчүн тариф жогорураак болот. Товар айлантуусу аздар патент албай, ККМ менен салык төлөбөй иштей алат", — деди Шыкмаматов.
Мындан тышкары, башкы салыкчы товар жүгүртүүсү 50 миллион сомго чейинкилерге (буга чейин 30 млн. болчу) 0,5 салыктык ставка коюлганын белгиледи.
Эске салсак, жылдык товар айлантуусу 15 миллион сомго жетпеген соодагерлер салыктан бошотулган. Бирок алар ККМ-аппарат менен иш алып барышы керек.