Салыкчылар акча чогултпайт. "Дордой" базарында сынамык долбоор киргизилет

Sputnik
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. "Дордой" базарында сынамык долбоор киргизилет. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Жогорку Кеңеште кабарлады.
Анын айтымында, аталган базарга салыкчылар барбайт, ал эми салыкты базар администрациясы чогултуп берет.
"Базардын администрациясы соодагерлерден светке, кароолго, тазалаганына акча алат. Башкача айтканда, ким эмне кылып жатканын салыкчылардан жакшы билишет. "Дордойдо" 12 базар бар экен. Баары ушул системага макул болуп жатышат", — деди Шыкмаматов.
Башкы салыкчы долбоор ийгиликтүү болсо "Кара-Суу", "Мадина" базарларына жайылтуу пландалып жатканын белгиледи.
"Өздөрү товар жүгүртүүсү канча экенин айтат. Ошого жараша салык алынат. Бирок күмөн жараткан учурда Салык кызматы рейд жүргүзүп, текшере алат", — деди Салык кызматынын төрагасы.
Касымалиев чакан бизнеске патент системасы кайтарыларын билдирди