Исатбек кызы: Маселе көтөрсөң министрлер “жаш депутат” деп тоготпой койгон учурлар болду

Sputnik
Кандай гана жумушта болбосун жакшы натыйжага жетүү үчүн так план жана мыкты дисциплина керек. Мындай пикири менен “Стимул” программасынын бул жолку коногу Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исатбек кызы бөлүштү. Депутат айым чет жерде окугандын өзгөчөлүгү, ишкерликтин ийгилиги жана саясатка алып келген бурулуш тууралуу айтып берди.
Ошондой эле эл өкүлү Парламентке келип кантип такшалганын, чоң саясатта эмне таап эмне жоготконуна токтолду. Муну менен катар шайлоодогу убадалар жана шайлоочулардын ишеними тууралуу дагы маектештик.