Кыргызстанда 92 уулуу калдык сакталган жай бар. Буга чейин Россия Кажы-Сай жана Миң-Куштагы уран калдыктары сакталган жайларды зыянсыздандыруу үчүн акча бөлүп, иштер дээрлик аяктаган. Эми дагы бир беш айылга каражат бөлүү каралууда. ӨКМдин өкүлү Кылычбек Апиев “Ачык кеп” программасында уулуу калдыктарды сактоочу жайлардын абалы, коопсуздук, текшерүү, зыянсыздандыруу иштери жана лабораториялардын техникалык шарты тууралуу айтып берди.