Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, ушул жылдын 1-сентябрынан тарта жол эрежесин бузган айдоочулар үчүн токтотулган жерден жол эрежелерин суроо процедурасы башталат. Мунун максаты айдоочулардын жол эрежесин, жол белгилерин билүүбилимин жогорулатуу, жол кырсыгын азайтуу экенин ИИМдин жол кайгуул кызматынын тескөөчүлөрү билдирди. Учурда атайын комиссия процедуранын жол-жобосун иштеп чыгууда.