БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. 1-апрель, шейшембиде, күн ачык болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +14...+19, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +18...+23, Ысык-Көл өрөөнүндө +9...+14, Нарын жергесинде +10...+15 градуска жетет.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +17...+19 градуска чейин көтөрүлсө, Ош шаарында +21...+23 градуска жетери айтылды.