БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин мусулмандарды Айт майрамы менен куттуктады. Куттуктоо сөзүн РИА Новости агенттиги жарыялады.
Анда мамлекет башчы россиялык мусулмандардын Россиянын өнүгүшүнө салымын белгилеген. Өлкө башчы Орозо айынын соңунда белгиленген бул майрам элди кайрымдуулукка, боорукерликке үндөй турганын айткан.
"Орозо айт майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Мусулман уюмдарынын өлкөнүн коомдук-маданий турмушун өнүктүрүүгө, кайрымдуулук, билим берүү, мекенчилдик жаатындагы долбоорлорду жана демилгелерди ишке ашырууга кошкон чоң салымы урматтоого татыктуу", — деп айтылат анда.
Ошондой эле Путин россиялык мусулмандардын ата-бабалардын бай руханий жана тарыхый мурастарына аяр мамиле жасоосунун маанилүүлүгүн белгилеген.
Россия лидери мусулмандардын аскердик атайын операциялардын жүрүшүндө анын катышуучулары менен ардагерлерине, жакындарына көрсөткөн жардамын өзгөчө белгилеп, ден соолук, ийгилик каалаган.