Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл

Үйүлгөн жүн байпак, тон жана чокойлор. Фронтко Оштон кеткен жардамдын видеосу

Sputnik
КР Борбордук мамлекеттик кинофотофоно архивинен Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Кыргызстандын фронтко көрсөткөн жардамы тууралуу киносюжет табылды. Анда 1941-жылы Ош облусунун Кызыл-Кыя кенинин жашоочулары кан майдандагы аскерлерге жылуу кийим чогултуп жаткан учуру тартылган. Арасынан үйүлгөн жүн байпактарды, кийиз чокойлорду жана тон сыяктуу сырт кийимдерди көрүүгө болот.
1941-1945-жылдар аралыгында кыргызстандыктар фронтко 550 миңден ашык жылуу кийим жөнөткөн. Андан тышкары, 38 миң жеке посылка жиберген. Согуш учурунда мамлекеттик банкка Кыргыз ССРинин тургундары 186 миллион рубль салып, танк менен аскердик учактарды куруу үчүн 142 миллион рубль жыйналган. Буга кошумча, 56 килограмм күмүш чогултканы айтылат.
Эскерте кетсек, Кыргыз ССРинен Улуу Ата Мекендик согушка 365 миң адам катышып, 152 миңден ашууну курман болгон. Калганы ар кайсы жылдары кайтып келген. Бул кандуу кагылыштарда тайманбастыгы, баатырдыгы үчүн 150 миңдей командир жана жоокерлер орден-медалдар менен сыйланган, 21 кыргызстандыкка Даңк орденинин толук кавалери, ал эми 70тен ашуун жараныбызга эң жогорку — Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган.