Депутат Миргүл Темирбаева аткезчилик үчүн жазаны катаалдатууну сунуштады

Sputnik
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Миргүл Темирбаева аткезчилик үчүн жазаны катаалдатууну сунуштады. Документ Жогорку Кеңештин сайтына коомдук талкуу үчүн жайгаштырылган.
Учурдагы мыйзамда экономикалык контрабанда үчүн негизинен айып пул жана кээ бир учурда гана эркинен ажыратуу каралган.
Жаңы сунушталган редакцияда төмөнкүдөй өзгөртүүлөр бар:
түзөтүү жумуштарына тартуу жоюлуп, эки жылга чейин эркинен ажыратуу сунушталууда. Жосун ири өлчөмдө жасалса мүлк конфискацияланат. Бирок чыгымды 10 эсе төлөп берсе жазадан бошотулат;
кызмат адамы өзүнүн абалын колдонуп аткезчилик кылса мүлкүн конфискациялоо менен 5-7 жылга чейин камалат;
аткезчилик товардын наркы 100 миң сомго жетсе аны конфискациялоо сунушталды. Учурда 500 миң сомго жеткенде гана конфискация болот.
Ошто катуу таасир этүүчү дарыларды Өзбекстанга мыйзамсыз ташыган топ кармалды