БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Орозбек Токтомамбетов Иорданиядагы Азия чемпионатынын финалында казакстандык Нуркожа Кайпановго 1:2 эсебинде утулуп, күмүш медалга ээ болду.
Спортчу буга чейин 1/8 финалда кытайлык балбанды 11:0, чейрек финалда кореялык атаандашын 10:0, жарым финалда өзбекстандык балбанды 10:1 эсебинде жеңген.