Трамп АКШнын Тынчтык институтунун дээрлик бардык кызматкерин жумуштан бошотту

Sputnik
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы өлкөнүн Конгресси каржылаган Тынчтык институтунун (United States Institute of Peace, USIP) дээрлик бардык кызматкерин иштен бошотту. Бул тууралуу Washington Post гезити уюмдун кызматкерлеринин билдирүүсүнө таянып жазганын РИА Новости жарыялады.
"Трамптын администрациясы тездетилген шартта АКШнын Тынчтык институтунун 200дөн 300гө чейинки кызматкерин, мекеменин штаб-квартирасынын дээрлик бардык кызматкерин жумуштан бошотту", — деп айтылат маалыматта.
Маалыматта иштен алынгандардын айрымдарына сотко кайрылуудан баш тартуусу үчүн жөлөк пул жана медициналык камсыздандыруусун дагы бир айга узартуу сунушталган.
USIP — дүйнө жүзүндөгү чыр-чатактарды чечүүгө көмөктөшүү жана аны алдын алуу милдетин аткара турган америкалык федералдык мекеме.
Трамптын администрациясынын үстүнөн 150дөн ашык доо арыз түшкөн