БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Украина Вашингтон менен пайдалуу кен казуу боюнча макулдашуунун жаңы долбоорунда көрсөтүлгөн АКШ берген аскердик жардамды карыз деп эсептебейт. Бул тууралуу Владимир Зеленский билдиргенин РИА Новости жазды.
“Колдоосуна ыраазыбыз, бирок бул насыя эмес, буга жол бербейбиз”, — деген ал.
Буга чейин Киев режиминин башчысы Украина АКШга карыз эместигин айтып, 500 тургай 100 миллиард долларын дагы карыз катары таануудан баш тартканын билдирген. Анын айтымында, Украина АКШдан жардамды грант түрүндө алган.
Өткөн жумада “Европейская правда” басылмасы АКШ менен Украинанын кен боюнча макулдашуусунун жаңы долбоорунда Киев Вашингтондон жардамга алган акчанын баарын кайтарып бермей болгонун жазган. Басылманын айтымында, документ буга чейин Киев менен Вашингтон макулдашкан бардык “кызыл сызыктан” чыгып кетерин, Украинанын көз карандысыздыгынын бир бөлүгүнөн ажыратып, ЕБге мүчө болууга карама-каршылык жаратып, ошондой эле Украинаны АКШга мурдагы жардамдын баарын төлөөгө милдеттендирет.
Украин журналисттеринин айтымында, төлөмдөрдү баштоо чечими прецедент болуп, мунун аркасында Киев режиминин башка донорлору өз салымдарын кайтарууну талап кылышы мүмкүн.
“Европейская правда” басылмасы шилтеме берген Киль дүйнөлүк экономика институту 2022-жылдын февраль айынан бери АКШ Украинага 123 миллиард долларлык жардам бергенин айтууда.