Орозо айтта региондорго каттаган айдоочулар менен инспекторлор сүйлөштү

Маршруттук таксилердин токтотуучу жайы. Архив
Sputnik
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Орозо айтта таксисттер менен маршрутканын айдоочуларына жол кирени көтөрүүгө жол бербей турганын билдирди.
Инспекторлор аймактарга каттаган айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
“Айрымдар майрам күндөрү шаардан айылга каттаган жүргүнчүлөрдүн көптүгүнөн пайдаланып, жол акысын көтөрүп алышы мүмкүн”, — деген ЖКККББ.
Эгерде жүргүнчүлөр көп болуп, маршруттук унаалар жетишпесе, Жол милициясы кошумча маршруттук каттамдарды уюштурууну убадалаган.
Ал эми ИИМ Орозо айтта өлкөдөгү коопсуздукту 9 миңден ашык милиционер камсыздай турганын билдирди. Коомдук жайларда коопсуздук чаралары дагы күчөтүлүп, мыйзам бузууларга чаралар көрүлмөкчү.
Өлкөдө Айт намазы 30-мартта мечиттерде окула турганы маалым.
Бишкектеги мечитте окулган айт-намаз. Архив
Айт намаз 30-мартта мечиттерде окулат