Кыргызстан кредиттик рейтингин В+ деңгээлине көтөрдү

Sputnik
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Кыргызстан кредиттик рейтингин “Туруктуу” деген көрсөткүч менен В+ деңгээлине ийгиликтүү көтөрдү. Бул тууралуу өкмөт кабарлады.
Рейтингди Standard & Poor’s (S&P) Global Ratings эл аралык агенттиги жүргүзгөн.
Аталган агенттик Кыргызстанда ИДПнын өсүшү 2022-2024-жылдар аралыгында 9 пайызга жеткенин, ички керектөө 15 пайызга өскөнүн, жумушсуздуктун деңгээли 4 пайызга чейин төмөндөгөнүн, банк секторун капиталдаштыруу жогорулаганын белгилеген.
Туруктуу фискалдык абал, мамлекеттик карыздын орточо деңгээли жана жүргүзүлүп жаткан реформалар да агенттик тарабынан жогору бааланган.
В+ рейтингин ыйгаруу Кыргызстанга эл аралык каржы рыногунда позициясын бекемдөөгө шарт түзөрү айтылат. Бул өз кезегинде инвесторлорду тартууга жардамдашат.
S&P Global Ratings агенттиги — компаниялардын, өкмөттөрдүн жана карыздык милдеттенмелердин насыялык жөндөмдүүлүгүн баалап, рейтингдерди ыйгарат. Анын жыйынтыгы инвесторлорго колдонмо катары кызмат кылып, уюмдарга капиталды көбөйтүүгө жардам берет.
Финансы министрлиги: Кыргызстан былтыр чет жактан 21 млрд. сом кредит алган