Келечектеги студенттерге жогорку окуу жайдагы билим берүү тууралуу айтып беришти. Иш-чарага КРСУнун ректорунун милдетин аткаруучу Сергей Волков, Жогорку Кеңештин депутаттары, санариптик өнүктүрүү министри Азамат Жамангулов, Бишкек шаардык кеңештин депутаты Таалайбек Сурапбаев, блогерлер жана бүтүрүүчүлөр катышты.
Медицина факультетинин студенттери биринчи жардам берүүнү, экономика факультетинин студенттери “кантип миллион тапса болот” деген финансылык стратегияны түшүндүрүп беришти.
Иш-чаранын жүрүшүндө абитуриенттерге арналган флешмоб, мастер-класстар жана оюндар уюштурулду. КРСУнун ийгиликке жеткен бүтүрүүчүлөрү дагы өзүнүн окуясы менен бөлүштү.
Тема боюнча: