БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Кыргызстандык спортчу Калмира Билимбек кызы Иорданияда өтүп жаткан Азия чемпионатында коло медалдын ээси болду.
Ал казакстандык атаандашы Тыныс Дубекти жеңип алды. Калмира беттештерин чейрек финалдан баштап, алгач өзбекстандык спортчуну утуп, жарым финалда индиялык атаандашына жеңилип калган болчу.
Амман шаарында өтүп жаткан мелдеште буга чейин Айпери Медет кызы жеңишти акыркы секундаларда жулуп кетип, Азиянын үчүнчү жолку чемпиону болгон. Ал эми балбан Раззак Бейшекеев грек-рим күрөшү боюнча күмүш медалга ээ болгон.