БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Бразилиянын президенти Лула да Силва Владимир Зеленскийдин сунушу менен келген Италиянын экс-премьери Массимо д’Алеманы кууп жибере жаздаган. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Зеленский д’Алемадан Бразилиянын президенти Лула да Силва менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинге барып, Украина кыйроо коркунучунда тургандыктан алар “бир нерсе кыла алар-албасын” билип беришин суранган.
“Мен бардым, бирок Лула Украина Американын көйгөйү экенин, анын ордуна Палестинанын маселесин карашым керектигин айтып, кууп жибере жаздады”, — деген саясатчы.
Кытайга болгон сапар да оң натыйжа берген эмес.
Массимо д'Алема 1998-2000-жылдары Италиянын премьер-министри, андан кийин 2006-2008-жылдары вице-премьер жана тышкы иштер министри болуп иштеген.