Бишкекте дарыканалардын бири 250 миң сом айыпка жыгылды

Sputnik
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматы Бишкектеги дарыканалардын бирин 250 миң сом айыпка жыкты.
Милиционерлер Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлери менен биргеликте текшерүү жүргүзүшкөн.
Дарыканада дары-дармек туура эмес сакталганы жана күчтүү таасир берүүчү препараттардын эсеби талаптагыдай жүргүзүлбөгөнү аныкталып, айып пул салынган.
Мекеме дарыканаларды эрежелерди сактап иштөөгө чакырды.
УКМК: иштен четтеген тергөөчү пара менен кармалды