Балбан Эрназар Акматалиев Азия чемпиону болду

Sputnik
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Кыргызстандык Эрназар Акматалиев эркин күрөш боюнча Азия чемпионатында алтын медаль тагынды.
Эркин күрөш боюнча балбандар 70 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашты. Финалдык беттеште кыргызстандык спортчу тажикстандык атаандашы Виктор Рассадинди жеңди.
Беттештин жыйынтыгында эсеп 4:4 болду, бирок акыркы аракетти Эрназар жасагандыктан, жеңиш ага ыйгарылды.
Ушул күндөрү Амманда күрөш боюнча Азия чемпионаты өтүүдө.
Жагымдуу кабар! Айпери Медет кызы Азиянын үч жолку чемпиону болду