Быйыл республикада арпа, буудай көбүрөөк себилет

Sputnik
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Быйыл Кыргызстанда буудай менен арпаны айдоо аянттары көбөйтүлөт. Өзгөртүү айыл чарба өндүрүшүнүн туруктуулугун сактоо жана азык-түлүк коопсуздугун чыңдоо максатында жасалып жатканын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришти.
План боюнча 2025-жылы буудайды 250 миң (былтыр 240,5 миң гектар эле) гектар жерге себүү каралган. Ал эми арпа 252,1 миң (өткөн жылы 250,7 миң гектар болгон) гектарга айдалат.
Бирок жүгөрү, чанактуу өсүмдүктөр жана башка дан эгиндерин айдоо аянттары мурдагыдай эле көлөмдө калат.
Айыл чарба министрлиги Баткенге мандарин өстүрүп көрүүнү пландап жатат