Вакунов Россия менен өнөктөш болгон Кыргызстанга ыраазычылык билдирди

Sputnik
БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы саясий жана экономикалык деңгээлде өнүгүп келе жаткан мамилелер эки элдин достугунун ачкычы болуп саналат. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов билдирди.
Ал Кыргызстандагы россиялык мекендештердин XVI республикалык конференциясында сүйлөдү.
Элчи Кыргызстан санкцияларга карабастан өз позициясын карманып, Россия менен мамилесин активдүү өнүктүрүп жатканын белгиледи.
1 / 2

Сергей Вакунов Кыргызстандагы россиялык мекендештердин XVI республикалык конференциясында сүйлөдү

2 / 2

Сергей Вакунов Кыргызстандагы россиялык мекендештердин XVI республикалык конференциясында сүйлөдү

“Оор сыноолор учурунда Кыргызстан сыяктуу стратегиялык өнөктөштөр биз менен бирге болгонуна абдан кубанычтабыз. Мен республиканын жетекчилигине Россия менен стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүдө бир багытты карманган позициясы үчүн ыраазычылык билдиргим келет”, — деди Вакунов.

Ал өткөн жылы Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы соода жүгүртүү 3,5 миллиард доллардан ашканын белгиледи.
Россиялык туристтер эмнеден улам Кыргызстанга кызыгып келет? Видео