БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Улуу Жеңишти эскерип жүрүү — негизги милдетибиз. Бул тууралуу Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Альберт Зульхарнеев россиялык мекендештердин жыл сайын өтүүчү конференциясында айтты.
"Иш-чаранын темасы — Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы. Башкы милдетибиз — аны унутта калтырбоо. Ушундай иш-чараларды уюштуруу керек. Ошондо жаштар ал учурдагы окуялардын маанилүүлүгүн түшүнөт", — деди ал.
Зульхарнеев ошондой эле Жалал-Абаддагы Кыргызстан менен Россиянын аймактарынын "Достук" паркында баатырлардын элесин түбөлүккө калтырууга арналган "Эскерүү багы" акциясы башталганын белгиледи.
"Акция "Жеңиш ыктыярчылары" коомдук кыймылынын демилгеси менен РФ элчилигинин жана Россотрудничествонун өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен өткөрүлүүдө", — деди ал.
Ошондой эле 7-апрелде Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуш мезгилиндеги адабиятка арналган көргөзмө, 25-апрелде жетинчи эл аралык "Жеңиш жат жазуусу" өтөрүн кошумчалады.